• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ош шаарынын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгын эми Дина Анарбаева жетектейт

30 Теке 2018 13:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.07.2018.Govori.TV
Ош шаарынын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы болуп Дина Анарбаева дайындалды. Бул тууралуу Govori.TV сайтына Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Абсатаров билдирди.
Д.Анарбаева буга чейин Ош шаардык миграция жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип келген.
«Социалдык өнүгүү башкармалыгы менен миграция жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы бириктирилип, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы болуп өзгөртүлдү», — деди Д.Анарбаева.

Белгилей кетсек Дина Анарбаева Социалдык өнүктүрүү министринин буйругу менен бул кызматка 18-июлда дайындалган. Ал эми Ош шаардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы болуп буга чейин Батина Токобаева иштеп келген.

Количество просмотров: 42