• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош шаарында 19 жаштагы жигит кутурма оорусунан улам каза болду

19 Аяк оона 2018 16:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
Ош шаарында 19 жаштагы жигит кутурма оорусунан улам каза болду. Окуя 15-сентябрь күнү болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ош облусу боюнча координатору Светлана Шерматова тастыктады.

Анын айтымында, маркум жигитти 5 ай мурун ит каап алган. Бирок ал убагында дарыгерге кайрылбай, вирус мээсине тарап кеткен.

«Баткен облусунан Ош шаарына окууга келген жигит 3-курста окуп жаткан. 13-сентябрь күнү ооруп, кыйналганда кошо жашаган балдар тез жардам чакырышып, ал ооруканага жеткирилген. Маркум май айында ит каап алганын эч кимге айтпай, дарыгерлерге да кайрылган эмес. Жаш жигит кутурма оорусуна кабылганы аныкталган. Вирус мээге жетип кеткени үчүн 15-сентябрга караган түнү саат 02:00дө каза болгон.

Учурда атайын комиссия түзүлүп, аны менен чогуу окуган, чогуу жашаган балдар көзөмөлгө алынууда. Баланын сөөгүн ата-энеси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору, дарыгерлер кичи мекенине алып кетишти», — деди ал.

Количество просмотров: 34