Бүгүн, 23-сентябрда 27 жаштагы келин 3 эм төрөдү. Бул тууралуу «Марал» радиосунун сайтына Ош шаардык төрөт үйүнөн кабарлашкан.
Маалыматка ылайык, ымыркайлар бүгүн таңкы саат 03:45те Ош шаарында жарыкка келген.
«Шаардын Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну Абдирасул кызы Сайракан бүгүн 3 эм төрөдү. Бул келиндин алгачкы төрөтү. Ымыркайлар операция жолу менен төрөлдү. Экөө — уул, бири — кыз. Биринчи төрөлгөн наристе 1 кг 800 гр, экинчиси 1 кг 900 гр, үчүнчүсү — кыз 1 кг 750 кг салмакта төрөлдү», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, аталган төрөт үйүндө жыл башынан бери бешинчи 3 эм жарык дүйнөгө келген.