Бишкек. 29.07.2019. Govori.TV
Ош шаарынын Курманжан датка (Юго-Восток) жана Амир-Темир (Он-Адыр) муниципалдык аймактык башкармалыктарына бала бакча курулат. Бүгүнкү күндө бала бакча курулуучу жерлер курулуш иштерине даярдалууда.

Мэриядан маалым болгондой, тиешелүү кызматтардын жетекчилери Амир-Темир МАБтагы иштер менен таанышышты. Жакынкы күндөрү капсула салынат.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен Юго-Восток, Он-Адыр кичи райондоруна бала бакча курулаарын, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен Ак-Тилек кичи районуна да жаңы бала бакчанын курулушу башталаарын билдирген.
Мындан тышкары жеке менчикке берилип кеткен бала бакчанын имараттарын кайтаруу аракеттери көрүлүүдө.