• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ош шаарында коңшу мамлекеттен келген дарбыздардын ичи желим экени айтылууда

26 Кулжа 2019 14:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.

Ош шаарындагы базардан сатып алган дарбыздын ичи кыпкызыл бирок, чоюлчаак желим болуп жатат деп Турмуш сайтына Кутман Султанов билдирген.

Анын айтымында, ал дарбызды базардан сатып алган.
«Мага Тажикстандын дарбызы деп сатышкан. Үйгө алып келип кескенде ичи кан сыяктуу кып-кызыл экен, даамы жок. Кармасам желим сыяктуу, анын суусу боектой болуп столдун бетине жугуп жатат. Тиешелүү кызматтардан чара көрүүнү өтүнөбүз», — деп билдирген шаар тургуну.

Ал эми Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Абдылдаев эрте бышкан дарбыздардын курамында зыяндуу нитраттар көп болорун айткан.
«Текшерип жатабыз. Дарбыздар чет жактардан көп алынып келип, ар кайсы жерлерге тарап кеткендиктен, көзөмөлгө алганга мүмкүн болбой жатат. Эл өзү көзөмөлгө алышы керек. Эрте бышкан дарбыздардын нитраты тиешелүү нормадан 5-6 эсеге чейин көп болууда. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди С.Абдылдаев.

Количество просмотров: 5