• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди 

20 Бугу 202410:45 Бишкек Govori.TV

18-майдан тартып катуу жааган жаандан улам сел кесепеттерин жөнгө салганга чейин жана жаз-жай мезгилиндеги туруксуз аба ырайына байланыштуу Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, кырдаалды жоюу үчүн тиешелүү аракеттер жумшалып, Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме-уюмдардын, муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү тарабынан шаардык аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү, сел кеткен тилкелерди тазалоо боюнча ыкчам чаралар көрүлүп, иш-аракеттер жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 85