Бүгүнтөн тартып өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди, мындан улам унаа жолдорунда блокпост жана санитардык посттор орнотулду.
Ош облусунун аймагында 31 блокпост жана 51 санитардык-карантиндик пост орнотулуп, 22-март күнү саат 7:00дөн баштап иштей баштады.
Алай районуна эки, Араван районуна үч, Кара-Суу районуна 11, Кара-Кулжа районуна үч, Өзгөн районуна үч блокпост жана эки тосмо, Ноокат районуна сегиз блокпост жана 28 санитардык-карантиндик пост, Чоң-Алай районуна бир блокпост коюлду.
Ушундай эле посттор Бишкекте да коюлуп, текшерүүлөр жүрүп жатат.

Посттордо милиция жана медицина кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатат. Кызматкерлер оорулуулар менен байланышкандарды тактоого жана ооруну башка аймакка жайылтпоого көмөктөшөт.
Кыргыз өкмөтү 22-марттан тарта өлкөгө бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялады. Анын шарттарына ылайык адамдар жашаган аймактан сыртка чыгууга чектөө киргизилди. Азык-түлүк, дары-дармек жана тиричиликке зарыл товарларды ташыган ишкерлерге тоскоолдук болбойт.