• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошко Москвадан 283 кыргызстандык кайтып келди

30 Теке 2020 13:18 Бишкек Govori.TV

Ошко Москвадан 283 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Анын айтымында, алар «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва–Ош аба каттамы аркылуу келишкен.

Маалыматка ылайык, каттам менен Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындары кайтыш болуп жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар келишкен.

«Чет өлкөдөгү мекендештерди Кыргызстанга алдыртып келүү иш-аракеттери улантылып жатат», — деп берилет маалыматта. 

Количество просмотров: 29