• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ошко Москвадан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

23 Теке 202010:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-июлда Кыргызстанга «Аэрофлот – Российские Авиалинии» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 301 жараны, анын ичинде жаш балдар кайтып келди. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

«Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.», — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Бортто орундардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган Комиссия тарабынан түзүлдү.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Количество просмотров: 87