• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто 15 мугалимге жер тилкелер берилди

26 Баш оона 2022 15:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-август күнү Ошто Билим берүү кызматкерлеринин Ош облустук август кеңешмеси өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тарабынан Ош облусундагы билим берүү тармагынын 15 кызматкерине турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга сертификаттар берилди.

Мындан сырткары, “Алтын Тамга”, “Алтын сертифкат” жана республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүнө, алар окуган орто мектептерге жана билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошкон мугалимдерге акчалай сыйлык жана ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле, Ош облусундагы мыкты “Мектеп” жана “Бала бакчалар ” аныкталып, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тарабынан 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланды.

Количество просмотров: 642