• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ошто 15 жаштагы мектеп окуучусу зордукталды

15 Тогуздун айы 2021 11:46 Бишкек Govori.TV

Жашы жетелек кызды зордуктоого шектүү катары 1996-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринен шектүү 2006-жылы туулган кыз менен таанышкан. Андан соң аны Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03:00 чамасында унаасына салып алып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктаган. Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү кызды бычак такап коркутуп, зордуктаган. Жабырлануучу кыз мектеп окуучусу. Ал эми даярдалган экспертиза жабырлануучунун зордукталгандыгын тастыктаган.

«Учурда шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган О.уулу Э. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү мурда ички иштер органдарында, Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пунктунун белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 1129