• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто 2 жаштагы бала тамактан ууланып каза болду. Бектур Асанов ачкачылыкты токтотту Соңку жаңылыктар 22.02.18.

22 Бирдин айы 2018 16:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.02.2018.Govori.TV
Бектур Асанов ачкачылыкты токтотту
Абакта ачкачылык жарыялаган саясатчылардын үчүнчүсү — Бектур Асанов да бул акциясын токтотту. Бул тууралуу Асановдун жубайы Алтын Эркебаева билдирди . Жакындары, туугандары, саясатчылар баары суранып жатып, анан дарыгерлер катуу айткандарын угуп Бектур ачкачылыгын бүгүн токтотту. Дарыгерлер “уланта берсең боор менен бөйрөк иштебей калышы мүмкүн, эстен танып каласың” дешти. Бирок акыбалы өтө оор, кан басымы көтөрүлүп-түшүп, башы да айланып жатат. Бүгүн кичине басып калыптыр. Тамак деле иче албай жатат, аябай кыйналып, бүгүн болгону суу менен айран ичти. Дейт адвокаты. Мындан сыткары Бектур Асанов кол коюп Алтын Эркебаеваге билдирүү берген. Анда Асанов “саясий күрөштү башкача формада улантуу үчүн ачкачылыкты токтотконун” жазган. “Абдил Сегизбаев жана ал жетектеген топтун саясаттан кетиши убакыттын гана иши болуп калды” деп жазылган. Асанов менен чогуу ачкачылык кармаган саясатчылар Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров кечээ 21-февралда саясий ишмерлердин өтүнүчтөрүн жана дарыгерлердин кеңешин эске алуу ачкачылыгын убактылуу токтотконун жарыялашкан.
Асылбек уулу Дамирбек мандатынан ажыратылат
Жогорку Кеңештин Казакстанда кармалган депутаты Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгы бар экендигин казак ТИМи тастыктагандыгына байланыштуу БШК чукул арада жыйын өткөрүп депутатты мандаттан ажыратат.Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов кечээ, 21-февралда депутаттын жарандыгы тууралуу жооп берип жатып, «эгерде казак жараны экени тастыкталса БШК мандаттан ажыратарын билдирген. Бирок, Бекматов депутаттын казак жарандыгын тастыктоо казак тараптын жообу болмоюн кыйын болорун айткан.Бүгүн, Казакстан ТИМи Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгы бар экендигин тастыктаган нота жөнөттү.
Ошто 2 жаштагы бала тамактан ууланып каза болду
Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасында тамактан ууланып жаткан эки жаштагы бала 21-февралда чарчап калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Суу аймактык ооруканасына 12-февралда тамакка ууланган 7 адам, 13-февралда 10 адам түшкөн. Алардын 10у чоң киши, жетөө кичинекей балдар болчу.»Көрүлгөн бардык чараларга карабастан бала көз жумду», — деп айтылат маалыматта.Учурда Ош шаардык балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө үч бала бар, алардын абалы орто. Кара-Суу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө беш киши жатат. Бирөө кайра жандандыруу бөлүмүндө болсо, төртөө жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда.

Количество просмотров: 12