• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто 26 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип 6 милиция кызматкери кармалды

20 Жетинин айы 2020 13:28 Бишкек Govori.TV

Ош облустук милициясында 26 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелип 6 милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

“УКМКнын тергөө органдары тарабынан Ош облустук милициясынын имаратында каза болгон 26 жаштагы К.у.М. аттуу жарандын өлүмү боюнча КР Жазык кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүгү (кыйноо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши иликтенүүдө. 19-ноябрь күнү аталган кылмышка шектелип Ош облустук милициясынын Криминалдык милиция кызматынын 32 жаштагы А.С., 39 жаштагы Э.У., 31 жаштагы С.Д., 32 жаштагы А.Ш., 32 жаштагы О.А. жана 34 жаштагы Ш.С. аттуу кызматкерлери кармалды”, — деп билдирет УКМК.

Учурда кармалгандар УКМКнын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө иши уланууда.

Количество просмотров: 217