• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ошто 3 жаран жасалма акча менен кармалды

4 Баш оона 2023 10:03 Бишкек Govori.TV

Жасалма акча таратып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын 28 жаштагы З.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 15-июль күнү май куюучу жайлардын бирине жашы 25-30 курактагы жаран келип 100 АКШ доллар берип, 2 000 сомго күйүүчү май куюп, 6 700 сом кайтарым катары алып, артынан дагы 100 АКШ долларын алмаштырып берүүнү суранып, 8 700 кыргыз сомго алмаштырып алып кеткендигин, эртеси күнү отчет тапшырып жаткан учурда аталган акча каражаттары жасалма экендиги билип калгандыгын билдирген.

Чогултулган материалдар Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 233-беренеси «Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө кызматы тарабынан бул акча каражаттарына соттук-техникалык экспертизасына дайындалып, анын корутундусу менен 200 АКШ доллар акча каражаты жасалма экендиги аныкталган.

«Башкармалыктын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын нгегизинде бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 30 жаштагы Ж.А. аттуу кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү Ж.А.нын кылмыштуу шериктери дагы аныкталып, Кара-Суу районунун 35 жаштагы Ж.Т. жана 32 жаштагы Т.Д. тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар алдын ала сүйлөшүп, жеңил пайда табууну көздөшүп, Кара-Суу аймагында жайгашкан 4 автоунааларга май куюучу жайларда жалпы 1000 АКШ доллар акча каржатын кыргыз сомго алмаштырып кеткендиги аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 94