• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды

28 Бештин айы 2023 16:34 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн айылынын тургуну ИИМдин тергөө кызматына арыз жазган. Анда айыл өкмөттүн жетекчилиги 2021-жылдын январь айында 4 сотых жер тилкесин кесип берүү үчүн 400 миң сом пара сурап, акчаны алгандан кийин милдеттенмелерин аткарбай коюшканы айтылат.

Бул боюнча текшерүү жүрүп, арызда жазылгандар аныкталгандан кийин ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (ири өлчөмдө пара алуу) менен иш ачкан.

Жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы менен башкы бухгалтери мурда алган 400 миң сомдун 40 миң сомун кайтарып берип жатышканда колго түшкөн.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 310