• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК: 6 миң доллар пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

13 Бирдин айы 2024 13:54 Бишкек Govori.TV

6 миң доллар пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарынын улгайган тургундарынан 6 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатынын бир бөлүгүн алуу учурунда КРнын эки жараны В.А.И. жана Х.Р.Р кармалды.

«Кармалгандар КРнын тиешелүү каттоо жана нотариалдык органдарындагы байланыштары аркылуу кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугунан ажыратуу коркунучу менен, кары адамдардан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан. Кылмышка шектелип кармалгандар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Кармалган В.А.И., Х.Р.Р. аттуу жарандардын алдамчылык аракеттеринен жапа чеккен дагы башка жарандар болсо Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү №148 дарегине же, 0392251180, 0555540052 байланыш телефон номерлери аркылуу КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылсаңыздар болот.

Количество просмотров: 232