• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК: ЖКККББнын кызматкерлери жана башка адамдар кармалды

21 Бирдин айы 2024 18:11 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктады.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана акча каражаттарын алуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында ЖКККББнын кызматкерлери К.К.А., Н.А.О., ошондой эле автомектептин директору И.М.К. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, КР ИИМдин ЖКККББнын жогоруда аталган кызмат адамдары автотранспорт каражаттарына газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын тариздөөдө КР жарандарынан мыйзамсыз акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү такталды.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жогоруда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 174