Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
Ош шаарында 30 жаштагы келин өзүнө бычак сайып ооруканага жеткирилген.Бул маалыматты Ош областтар аралык клиникалык ооруканасы тастыктады.
Маалым болгондой, 1989-жылы туулган Ош шаарынын жашоочусу 26-июнь күнү болжол менен түнкү саат 23:30 да бычактан оор жаракат алып ооруканага жеткирилди деген маалыматты уккан милиция кызматкерлери алгачкы иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.
Жыйынтыгында, келин өзүнүн үйүндө чогуу жашаган 1961-жыл туулган кайын энеси менен айтыша кетип, ашканада турган бычак менен өзүн сайып жибергени аныкталган. Ичине бычак сайылган келиндин боору дагы жабыркап, ичине кан толгон. Ал эми дарыгерлер аялдын өмүрүн сактап калышкан.
Аталган факт Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 137-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү) менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылган.