Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан суу сактагычына 31 жаштагы Д.К. аттуу эркек киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, саат 08:50 чамасында изделип жаткан жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылган. Ал эми издөө иштерине 12 куткаруучу тартылган.
Кошумчалай кетсек, маркум Папан суу сактагычына эс алууга
барып, сууга түшүп жатып чөгүп кеткен.