• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто аба каттамдары кармалууда

5 Үчтүн айы 2021 12:32 Бишкек Govori.TV

Коюу тумандан улам Ошто аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча «Тез Жет» авиакомпаниясынын 2 каттамы, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Ош-Бишкек каттамы,  Москва-Ош-Москва багыты боюнча «Аэрофлот» авиакомпаниясынын жана «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын каттамдары кармалууда.

Кечээ, 4-январь кечки саат 18:20дан бери коюу туман турганы кабарланды.

Каттамдар тууралуу маалыматтарды 0(312) 693109 жана 0(3222) 90101 номерлери аркылуу аэропорттордогу сурап-билүү түйүндөрүнөн тактап алса болот.

Количество просмотров: 97