• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

2 Теке 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери адам өлтүрүү фактысын изи сууй электе бетин ачышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-июнга караган түнү саат болжол менен 00:30 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну А.А., аттуу жаранды белгисиз жарандар тарабынан ок атуучу курал менен атып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкендигин тууралуу маалымат келип түшкөн. Натыйжада, А.А., денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факт Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Мындан сырткары кылмышка колдонулган курал далил буюм катары документи жок бир даана, сайсыз ИЖ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынып, ага соттук-баллистикалык ж.б тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын жашоочулары 1972-жылы туулган М. А. жана 1964-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп бериди»,-деп жазылат маалыматта.

Кармалган шектүүлөргө карата 2022-жылдын 28-июнь күнү бөгөт коюу чарасы каралып, эки айга камакка алынды.

Количество просмотров: 850