• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто акча опузалаган кылмыштуу топ кармалды

11 Жалган куран 2024 11:51 Бишкек Govori.TV

Ошто 100 миң сом талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул жылдын март айынын башында белгисиз адамдар Кара-Суу районунун жашоочусуна телефон чалып, жубайы менен кат жазышкан деген жалган шылтоо менен физикалык зомбулук менен коркутуп, 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кыла башташкан.

Топтолгон материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен «опузалап талап кылуу» кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КИББнын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү.

«Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө опузалоочулар азырынча талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алууга макул болгону аныкталды. Акча которуу Ош шаарынын аймагында жүргүзүлүп, талап кылынган сумманын бөлүгүн алган учурда опузалап талап кылууга шектелген адамдардын тобу кармалган. Кармалгандардын арасында 1999-жылы туулган М.Р., 1998-жылы туулган Ж.А., 1997-жылы туулган А.А. жана 1996-жылы туулган Ж.Ш. болуп, алардын баары Ноокат районунун тургундары экендиги аныкталган. Кармалган 1999-жылы туулган М.Р. буга чейин «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган, андан тышкары башка мамлекеттин аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда жогорудагы жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 89