• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ошто алдамчылык боюнча 5 жолу соттолгон аял жаңы кылмышка шектелип кармалды

6 Кулжа 2022 15:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, алдамчылыкка шектүү катары 1968-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну Э.М. аттуу аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 2019-жылы шектүү аял Жалал-Абад облусунун 43 жаштагы тургунуна, Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндө жайгашкан үйүн, 45 миӊ долларга сатып, тил кат жазып берип, бирок, үй документтерин кийинчерээк өткөрүп берүүнү убадалаган.


Бирок, ошол эле үйдү дагы бир башка кардар аялга 2 млн 500 миӊ сомго сатып жиберип, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу 43 жаштагы аял тарабынан Ош шаардык сотуна арыз жазылган. Бирок, шектүү сотко дагы келбестен из жашырып кеткен. Натыйжада анын үстүнөн алдамчылык жасагандыгы үчүн издөө жарыяланган.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматы тарабынан бул кылмышка шектүү 1968-жылы туулган Э.М. аттуу аял 5-июнь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн ал аялдын баш коргоо чарасы каралмакчы. Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 209-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 487