• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто алдамчылыкка шектелген адам кармалды

7 Бештин айы 20229:53 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүлөрү издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдамчылыкка шектелип кармалган жаран Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасынын тургуну, 1983-жылы туулган А.О.

«Бир нече адамга чет өлкөдөн унаа жана үй салууга жер алып берүүнү убадалап, ири суммадагы акчаларын алып, алдап кеткен. Анын үстүнөн жалпы 8 адам арыз жазган. Алардын ичинен бешөөнө унаа убадаласа, 3 жаранга жер убадалаган. Алардан 5 миӊден 8 миӊ долларга чейин акча алган. Жарандарга келтирген чыгым 1,5 млн сомдон ашуун сумманы түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан билдиргендей, бүгүнкү күндө бул жаран башка жарандардын унааларын ижарага алып сатып жибергендиги тууралуу дагы маалыматтар аныкталууда. Шектүү 5-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 95