• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Ошто Анапияев менен Келдибаев губернаторлук кызмат үчүн мушташып кете жаздады

7 Тогуздун айы 2020 0:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында Калмамат Анапияев менен Төрөбай Келдибаев губернаторлук кызматты талашып мушташып кете жаздады деген видео интернетте тарап жатат.

Маалымат боюнча, кримавторитет Алмамбет Анапияевдин бир тууганы Калмамат жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, ал Ош облусунун убактылуу координатору болгонун айткан. Ошол эле учурда Төрөбай Келдибаев (алдын-ала маалыматтар боюнча, “Мекенчил” партиясынын тарапкери) кабинетке кирип, ал Анапияевдин отурганына таң калып, Келдибаев Ош облусу боюнча убактылуу координатор болгондуктан, аны иш бөлмөдөн чыгып кетүүнү талап кылган.

Натыйжада, эки тараптын ортосунда жаңжал чыгып, жакалашып, мушташып кете жазашты.

Милиция кызматкерлери облустук администрациянын имаратынан эки тарапты тең чыгарууга аракет кылышкан, бирок натыйжалуу болгон жок. Ошол эле учурда, журналисттер сыртка чыгарылды.

Белгилей кетсек, 5-октябрда Бишкекте Ала-Тоо аянтына 2 миңге жакын адам – ​ парламентке кирбей калган партиялардын тарапкерлери чогулушту. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты. Ал күнү кечинде митингди таркатуу аракети көрүлгөндө, митингчилер коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышты.

https://www.facebook.com/semetey.amanbekov/videos/2198558030288273
Количество просмотров: 308