• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Ошто аскер комиссариатынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

16 Тогуздун айы 2018 8:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.10.2018.Govori.TV.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы аскер комиссариатынын кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Криминалдык милиция кызматынын түштүк аймактар аралык башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну арыз менен кайрылган. Арызда аскер комиссариатынын кызматкери уулуна аскер күбөлүгүн жасап берүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылып жаткандыгын белгилеген.

«Аскер комиссариатынын кызматкери ушул жылдын май айыанан бери андан 19миң сом алгандыгы учурда дагы 5миң сом пара талап кылып жатканы аныкталган. Аталган факты боюнча иликтөө иштери башталып, 5миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.  Азыркы күндө Ош шаардык Аскердик прокуратура тергөө иштерин жүргүзүүдө»-деп айтылат маалыматта.

 
Количество просмотров: 26