• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто аялды коркутуу максатында уурдоого шектелип 3 жаран кармалды

14 Чын куран 2021 13:36 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында аялды коркутуу максатында уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде ички иштер органдарына адам уурдоо жөнүндө арыз түшкөн. 10-апрель күнү болжол менен 22:00дө Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө чала тааныш адам жабырлануучуну (аял киши) чакырып, ага күч колдонуу менен унаага салып кетишкен.

Унаада отурган белгисиз адамдар аялды Ош-Алай унаа жолу менен алып кеткендиги жана коркутуу максатында уурдашканы маалым болгон.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин тергөө кызматы Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

11-апрель күнү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда болжол менен саат 20:00дө Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде Ош облусунун Алай районунун 38 жаштагы А.Э. аттуу жашоочусу башкарган Mitsubishi үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Мындан аркы көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар делип Кара-Кулжа районунун 43 жаштагы А.С. менен Алай районунун 39 жаштагы П.С. аттуу тургундары кармалган.

Бардык кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар мындай укукка каршы аракеттери менен тиричилик маселелерин чечип алууну көздөшкөн.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 123