• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто баңгизатты криптовалюта менен саткан кыздар кармалды

6 Бештин айы 202415:50 Бишкек Govori.TV

Ошто Telegram аркылуу баңгизаттарын саткан студент кыздар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Студент кыздар синтетикалык баңгизатты тиешелүү жерлерге катып кетип турушкан. Анан ал жерлерди сүрөткө тартып Telegram каналы аркылуу Ошко, Ош облусунун аймагына сатышкан.

Бул факт аныкталган соң, КР Кылмыш-жаза кодекси боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана сатуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

20 жаштагы Ж.А.К. жана Ж.А.Т. мурдатан белгилүү жерге катылган баңгизатын казып алып жатышканда кылттакка түшкөн. Алар аны атайын пакеттерге майдалап салып сатышмак.

Укук коргоо кызматкерлери алынган баңгизатынын рыноктогу наркы 600 миң сомду түзөөрүн аныкташкан.

Мындан тышкары кыздар баңгизаттарды таратуу менен бир жылдан ашык алектенип жүргөнү, ири акча которууларды криптовалюта менен миллион сомго чейин жасашканы аныкталды.

Кыздар Оштогу ички иштер бөлүмүнүн убактылуу абагына киргизилди. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 205