• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто баңгизатты сатууга шектелген жаран кармалды

4 Жетинин айы 2020 14:46 Бишкек Govori.TV

Ошто баңгизатты сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн атайын ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин жана тинтүү амалдарынын натыйжасында, Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде боз күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар 1 килограмм 139 граммды түзгөн зат табылып алынган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат “героин” баңгизаты экендиги аныкталган.

Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн белгилер менен кылмыш иши козголду.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, убактылуу камакка алынган.

Количество просмотров: 52