Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүүгө багытталган референдумдун жүрүшүнө көз салган «Клооп» медиасынын байкоочусуна жана журналистине Ош шаарында кол салуу болгону кабарланды.
Маалыматка караганда, байкоочу менен журналист учурда милицияда арыз жазып жатышат.
Милиция ишти Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен тергей баштаганын маалымдады.