• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто башы тайказанга тийген улакчы көз жумду

5 Жалган куран 201914:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.03.2019. Govori.TV.

Башы тайказанга тийген Оштун Мады айылынын 28 жаштагы тургуну Авазбек Майрамбек уулу кечээ, 4-мартта каза болду. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Авазбек Майрамбек уулу 28-февралдагы аламан улак учурунда башы менен тай казанга кулап, катуу жаракат алган. Ооруканада операция учурунда жан берди.

Маркум Авазбек Майрамбек уулу бала кезден эле айылдагы көк бөрү мелдештерине калтырбай катышып, мыкты оюн көрсөтчү. Ал үй-бүлөлүү, артында бир жашка толо элек уулу калды.

Количество просмотров: 38