• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ошто бир үйдүн өрттөнүшүнө чагылган себеп болду

25 Кулжа 20209:59 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда бир үйдүн өрттөнүшүнө чагылган себеп болду. Бул тууралуу 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында болгон. Жалпы аянты 72 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн чыгышына чагылгандын оту себеп болгону айтылды. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

Бир ай мурда Ысык-Көл облусунда 25 жаштагы жигит, былтыр Баткен облусунда 39 жаштагы жергиликтүү тургун чагылган уруп каза болгон.

Количество просмотров: 116