• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Ошто борбордук стадион жана “Дельфин” бассейни эл аралык талапка ылайык келтирилет

4 Кулжа 20249:22 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы борбордук стадион жана “Дельфин” бассейни эл аралык талапка ылайык келтирилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, учурда борбордук А. Сүйүнбаев атындагы стадиондун олтургучтарынын үстүн жабуу иштери жүрүп жатат. Долбоорго ылайык жалпы 10 миңдей олтургучтун үстү жабылат. Бул олтургучтарды күн нурунан күйүп, жаан чачында сууда калып, талкалануусунун алдын алат. Муну менен катар футбол талаасы жана чуркоо тилкелери да эл аралык талаптарга ылайык келтирилет. Курулуш иштерин август айында бүткөрүү каралган.

Аны менен катар “Дельфин” жаш өспүрүмдөр дене-тарбия клубунун базасында, жабылган бассейни менен заманбап фитнес борбору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кайрадан толук курулат. Долбоорго ылайык, сууда сүзүү, триатлон, бодибилдинг жана башка түрлөрү боюнча шаар жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө шарттар түзүлөт. Бул аракеттер шаар калкынын саламаттыгын жакшыртууга жана сууда сүзүүгө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Буга чейин “Дельфин” бассейни 3 ай гана жайкы мезгил учурунда иштеп келсе, курулуш аяктаган соң жыл ичинде толук иштөөсүнө шарт жаралат.

Эске сала кетсек, аталган бассейн Кыргызстандагы 50 метр олимпиадалык талапка жооп берген имараттардын бири. Долбоордун алкагында аткарылуучу иштер менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышып чыкты.

Количество просмотров: 73