Ош облусунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-январь күнү Өзбекстан Республикасынын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай Эл Республикасынын 44 жаштагы жараны кармалган.
«Чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн. Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.