• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Ошто декларацияланбаган товар аныкталды

6 Бирдин айы 2023 17:58 Бишкек Govori.TV

Ошто декларацияланбаган товар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан Volvo үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан декларацияланбаган эл керектөөчү товарлар табылган.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 млн 152 миң 577 сомду түздү.

Иштин жагдайлары такталып, маселе негизи боюнча чечилгенге чейин товар жүктөлгөн унаа «А.Т.» (башкы тамгалар өзгөртүлдү) убактылуу сактоо кампасынын аймагына коюлган.

Материалдар Транспорт прокуратурасына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 52