• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ошто энесинен таяк жеген наристе көз жумду

12 Бирдин айы 2018 10:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.02. 2018. Govori.TV

Оштогу энесинен депкир менен токмок жеп, жарым жан болгон 2 жашар Бекслутан көз жумду. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынан билдиришти. Анда белгилүү болгондой, башына темир менен катуу сокку алган наристенин мээсинде шишик пайда болуп, анын дем-алуусун кыйындаткан. Ошондой эле Бексултандын ички органдары да таяктын уусунан катуу жабыркап, боору эзилип кеткендиги тууралуу айтылган болчу.

Эске сала кетсек, 3-февралда 2 жаш 8 айлык Бексултан аттуу наристе оор абалда ооруканага жаткырылып, анын депкир менен катуу сабаган апасы милиция тарабынан камакка алынган эле. 24 жаштагы келин уулун шымына сийип койгону үчүн сабаганын айтып, ага “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши ачылган. Кийинчерээк, келиндин эне-атасы кызынын турмуш куруп, балалуу болгону тууралуу кабарлары жоктугу да маалым болгон.

Количество просмотров: 27