• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто  эки унаа сүзүшүп, бир адам набыт болду

10 Тогуздун айы 2018 17:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV
Ош облусунун Ноокат районунда жол тандабас менен күйүүчү май ташыган унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-октябрда саат 13:30 чамасында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Шарон айылында катталган.

Андан май ташыган унаа оодарылып, эки унаанын тең айдоочулары оор жаракат алса,  27 жаштагы бир адам көз жумган. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери башталды.

Количество просмотров: 18