• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто күчү 3,6 баллга жеткен жер титирөө катталды

30 Үчтүн айы 202413:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 10:51де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Сопу-Коргон айылдарында жана Кара-Суу районунун Тээке, Лаглан айылдарында 3 баллга (Тээке айылынан 8 чакырым түштүк чыгышта, Лаглан айылынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Мурдаш айылынан 20 чакырым түндүк батышта, Сопу-Коргон айылынан 31 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 249