• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди

20 Үчтүн айы 202610:52 Бишкек Govori.TV

Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди.

Текшерүүдө Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин инспекторлору тарабынан Кара-Суу районунда 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы аныкталды.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн «Business House KG» ЖЧКсына карата аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча атайын мөөнөт коюлуп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Ошондой эле облустун алыскы аймактарындагы социалдык объектилердин курулушунун сапаты текшерилүүдө.

Белгилей кетсек, министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда.

Количество просмотров: 121