Күйдүргү жугузуп алган деген шек менен ооруканага жаткырылган Кара-Суу районунун сегиз тургунунун биринен гана аталган илдет табылып, калгандарынын анализи таза чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күйдүргү жукту деген шек менен бейтапканада жаткандар үйүнө чыгарылган.
«Айылдын 288 жашоочусу 24-августка чейин байкоого алынат. Аларда күйдүргүнүн белгилери байкалган жок»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 25-июлда Тогуз-Булак айылында күйдүргү жуккан малды союуга тогуз киши катышкан. Этти 30дан ашык үй-бүлө бөлүп алган.
Жергиликтүү бийликтин чечими менен Тогуз-Булак айылы 4-августтан 18-августка чейин карантинге алынган болчу.