• Бейшемби 24 Аяк оона 2020

Ошто каналдан 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды

17 сентября 2020 в 11:56 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунда каналдан 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, 16-сентябрь күнү саат 16:20да Ош облусунун Кара-Суу районунда Нариман айылында каналда 16 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Жерине КР ӨКМнин №102 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 22