• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Ошто каза болгон наристени сабоого шектелип чоң апасы кармалды

11 Үчтүн айы 2019 23:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.2019.Govori.TV.

Ош шаарында каза болгон наристеге кол көтөрдү деп, анын 31 жаштагы чоң апасы кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Анда айтылгандай, 10-январда Ош облустук балдар ооруканасына эки жаштагы наристени чоң атасы (баланын атасынын агасы) “тарамышы түйүлүп жатат” деп алып келген. Дарыгерлер аны кароо учурунда бала ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калганын айтып, милицияга кабар беришкен.

Соттук-медициналык экспертиза жүрүшүндө наристенин денеси көгала болгону, ачык жарааттары бар экени аныкталган. Кылмышка шектүү катары баланын чоң апасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Келин өз көрсөтмөсүндө наристе шымына сийип алганы үчүн анча-мынча чымчып, кээде бутка чаап жүргөнүн билдирди. Анын айткандарын күйөөсү дагы тастыктап, аялы тарбиялоо үчүн какыс-кукус кылып жүргөнүн айткан.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, наристенин атасы менен апасы ажырашып кеткен. Атасы Орусияга иштегени кетип жатып балдарын өткөн жылдын 30-декабрында Базар-Коргондон келип, агасынын үйүнө таштаган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (“Этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголду. Жыйналган иш кагаздары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 79