• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ошто кооптуу аймактарда изилдөө иштери жүрүп жатат

7 Бирдин айы 202317:50 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал айылдык аймактарында кар, жер
көчкү, сел жана ушул сыяктуу табигый процесстер катталуучу участкаларда изилдөө
иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Изилдөө иштерине Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ӨКМ Кыргыз гидромет кызматынан инженер гидрологу жана жергиликтүү бийликтин тиешелүү адистери катышууда.

Азыркы күндө кар көчкү кооптулугу бар Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ, Кара-Таш айылдарында 10, Бак участкасындагы 8 турак жайда жарандар жашап келишет.

Ошондой эле Кара-Таш айвл өкмөтүнүн Тамчы участкасында күндүн жылышы менен кар эрип, көчкү жүрүүсү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 1500