• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто кызын көчөгө таштап кеткен аял энелик укуктан ажырайбы?

21 Үчтүн айы 2020 18:44 Бишкек Govori.TV

19-декабрь күнү Оштогу көчөлөрдүн биринен табылган эки жаштагы бөбөк тергөө учурунда энесине берилбейт. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, учурда наристе балдар үйүндөгү соцкызматкерлердин көзөмөлүндө.

«Аялдын туруктуу иштеген иши менен үйү жок. Андыктан тергөө аяктаганга чейин наристе энесине берилбейт. Учурда Жазык кодексинин 150-беренеси («Коркунучта калтыруу») боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдиришти милициядан.

Ал эми Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева учурда кыздын апасын энелик укугунан ажыратуу үчүн документтер даярдалып жатканын «Азаттыкка» билдирген.

«Бул аялдын бир уул, бир кызы бар. Ал батирде жашап жүрүп, ошол жерге баласын кароосуз таштап кеткен. Аны милиция бизге алып келген. Төрт жаштагы баланы биз Оштогу «Боорукердик үйүнө» жайгаштырганбыз. Эми кызын да таштап кетип жатат. Милиция бул аялдын үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Биздин мекеме азыр керектүү документтерин чогултуп, бул аялды энелик укуктан ажыратууну карап жатабыз», — деген Раева.

Эске салсак, 2019-жылдын 29-декабрь күнү Ошто эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен. Ал аялды Ош шаардык милициясы ушул жылдын 20-январында кармаган. Аял милицияга берген алгачкы көрсөтмөсүндө Жаңы жыл майрамынын алдында мас болуп уктап калып кызын жоготуп койгонун айткан. 

Количество просмотров: 85