Бишкек.31.07.2019.Govori.TV.
Ош шаарында май куйуучу жайында май ташыган унаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнин Басма сөз кызматы билдирет.
Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Тилек кичи районунда Мамырова көчөсүндө жайгашкан «Петролеум» май куйуучу жайындагы май ташыган унаадан өрт чыккандыгы тууралуу саат 22:23тө маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылган.
Өрт саат 23:45те толук өчүрүлгөн.