• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калдык деп спортчулар нааразы

15 Бирдин айы 2020 21:19 Бишкек Govori.TV


Ошто спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун «Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калдык» деген таризде президентке кайрылган видеосу 14-февралда “Фейсбукка” чыкты. 

Анда ал Ош шаардык комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев аны тапанча менен бутуна атканын тастыктап, «Саркарбаев ооруканага Мунарбек Раимбеков менен келип арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутканын айтууда. Анын кайрылуусун Ош бажысынын кызматкери Эмилбек Кимсанов фейсбуктагы баракчасында жарыялаган.

Кайрылууда Төлөгөн Рахманберди уулубуларды айткан:

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, биз бүгүн кандай мыйзамсыз өлкөдө жашап жатканыбызды түшүнбөй калдык. Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн, Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык. Себеби 5-6 ай мурда Раимбеков Нурбектин балдары травматикалык мылтык менен бутума атып кетишкен. “Арыз жазба, жазсаң өзүңдөн көр” дешкен. Мен жазган жокмун. 1-2 ай өтпөй Саркарбаев Кылыч автомат менен бутума атып, анда да ооруканага жатып, анда да Раимбеков Мунарбек жана Саркарбаев Кылыч ооруканага келип, башыма пистолет такап коркутушуп, “өзүңдү каматабыз, арыз жазсаң өлтүрөбүз” деген. Ошондо да арыз жазган эмесмин».

Количество просмотров: 771