• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто милицияга ок чыгарган адам кармалды

3 Бирдин айы 2021 15:19 Бишкек Govori.TV

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда милиция кызматкерине ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-январда милиция кызматкерине ок чыгарган адам  бүгүн, 3-февралда кармалды. Шектүү Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылынын 46 жаштагы У.А. аттуу тургуну болгон.  Тергөөнүн жүрүшүндө ал кылмышты жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берип, көп жыл мурда милиция кызматкерлери менен жеке пикир келишпестиги болгонун билдирген.

«Кара-Кулжа райондук милициясынын эки кызматкерине кол салынган. Автоунаасында отурган эки тартип сакчынын бири жаракат алган, тагыраагы, далысынын ортосуна чачма ок тийген. Ал эми белгисиз адам качып кеткен. Ал түндө милиция кызматкерине мылтыктан ок чыгарып, кайра үйүнө кайтып келип, кийип жүргөн кийимин жана мылтыктын кундагын үйүндөгү мешке жагып жиберген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 279