• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Ошто милициянын кызматкери кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө

21 Тогуздун айы 201919:12 Бишкек Govori.TV

Ошто туристтик милициянын кызматкери кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына арыз 16-октябрда келип түшкөн.

«Шектелип жаткан тартип сакчысы кызматында 11 айдан бери иштеп келген. Ал түшүндүрмөсүндө арыз менен мурунку сүйлөшкөн кызы кайрылганын айтты. Кыз кызганычтан улам ушундай кадамга барган», -деп билдиришти редакцияга.

Ош ШИИББ учурда факт боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтты. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Учурда экспертиза дайындалды. Эгер факт аныкталса, анда милицияга тиешелүү юридикалык баа берилет», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 195