Ошто окуучу кызды директору сабады деп милицияга арыз түштү. Ош ШИИБден билдиришкендей, Ош шаарынын тургуну 77 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.
Ал 2008-жылы туулган небересин мектеп директору мектеп формасы боюнча талапка жооп бербеген кийим кийип баргандыгы жана сабакка кечигип келгендигин айтып, урганын билдирген.
Арыз маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлө баштаган.
«Окуучу кыз Ош шаарындагы М. Ломоносов мектебинде окуйт. Окуя боюнча күбөлөр суралат, окуяны териштирүү иштери жүрүп жатат»,-деп жазылат маалыматта.