Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү К.А. 17-декабрда Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнөн из жашырып кеткен.
Ал Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») боюнча шектүү катары кармалган. Ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда болгон.
Учурда кандай жол менен качып кеткенин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзө баштады, — деп айтылат милициянын маалыматында.
30 жаштагы кылмышка шектүү дарыланып жаткан жеринен качып кеткенин Ош шаардык ооруканасынын жетекчилиги да тастыктады.